Аскат Алагөзов дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун «дааватка каршы” деп атоо туура эмес экенин жазды

Буга чейин соцтармакка блогерлердин бири «дааватты жабуу мыйзам долбоорун колдойсузбу?» деген билдирүү чыгарган.
Аскат Алагөзов мындай чагымчыл билдирүү, сурамжылоолор «от менен ойногонго тете» экенин айтып, андайларды токтотууга чакырган.
«Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү «от менен ойногонго» тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “дааватка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам«, — деп жазган Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына.



