Коом

Бишкектин Биринчи май районунун №8 милиция бөлүмүнүн башчысы менен Биринчи май районунун акими кызматынан алынды

Сойкулукка каршы күрөшүү иштеринин алкагында Бишкектин Биринчи май районунун №8 милиция бөлүмүнүн башчысы менен Биринчи май районунун акими кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, милиция менен мэриянын 10 кызматкерине жана УКМКнын айрым кызматкерлерине  катуу чаралар көрүлдү.

Буга чейин атайын кызматтын башчысы 1-декабрга чейин республика боюнча интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды жабууга тапшырма берген. УКМКга аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан алынары айтылган. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button