Коом

Акысыз вакцинаны сатып жүргөн ветеринарлар аныкталды

Эске салсак, Ветеринардык кызматка бюджеттен 45,6 млн сом бөлүнүп, күйдүргүгө, кой чечегине, теринин жугуштуу ооруларына каршы вакцина сатып алынган. Алар жергиликтүү ветеринардык бөлүмдөр менен келишимдик негизде иштеген жеке ветеринардык адистер аркылуу элге бекер таратылышы керек. 

Финансы министрлиги Нарын, Чүй жана Талас региондорунда  бул каражаттын максаттуу сарпталышына аудит жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бекер берилчү вакциналар ветеринардык дарыканаларда, ошондой эле жеке ветеринарлар тарабынан сатылып жатканы аныкталган. 

Текшерүү материалдары укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button