Коом
Тротуарлар, жөө жүргүнчүлөргө арналган көпүрө. Бишкектин түштүгүндө тургундарга түзүлүп жаткан шарттар

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда ишкана тарабынан жүргүзүлгөн төмөнкү иштер аяктады:
- Абай көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө жөө адамдар өтүүчү жолго ирригация тутуму орнотулду жана асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү;
- 11-кичирайондогу тротуарына асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө орнотулду;
- Тыныстанов көчөсү 8/1 дареги боюнча турак үйлөргө алып барчу жолго 110 погон метр асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.
Ал эми учурда төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:
- Абай көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө арыктарды орнотуу иштери;
- Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгында ирригация системасын орнотуу боюнча иштер;
- Ахунбаев көчөсү боюнча Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин узундугу 1миң 250 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуарды куруу иштери.



