Коом
Милиция: Таласта карышкыр адамга кол салып, кишинин өлүгү табылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Буга чейин “маалымат булактарына” таянган басылмалардын бири Талас облусундагы аэропорттун аймагында эркек киши карышкырларга жем болгон деген маалымат тараткан. Жырткычтардын бирин “ошол жерден атышканын” да жазган.
Талас облусунун ички иштер органдарынан мындай факты кездешпегендигин жана социалдык тармакка тарап жаткан окуя Россиянын Краснодар областында болгонун облусттук милиция билдирди.
Россиялык ЖМКлар 2024-жылдын 14-январында кар баскан талаада, кабыргалары кажылган тейде табылган кишинин сөөгүнүн сүрөтүн жарыялаган. Жергиликтүү администрация өлүктү “жапайы куштар, иттер (балким, чөөлөр) талашы мүмкүндүгүн” билдирип, карышкырдын кишиге кол салганын тастыктаган эмес.



