Коом

Бишкек мэриясы: маршрутка айдагандар толугу менен ишке чыкты

Бишкектеги маршрутка айдоочулары ишке чыккандыгын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

«Маршруткалар чыкты. Иш калыбына келди. Бааны көтөргөндөр боюнча сүрөт жана видео далилдерди (0554) 18-21-85 WhatsApp номерина жибериңиздер», — деп билдирди мэрия.

Белгилей кетсек, кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.

Ишемби күнү, 5-июнда, Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Эртеси акырындан шаардыктарды ташып, ишке чыга башташкан.

Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом бойдон калмай болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button