БШК: Учурдагы мыйзам талапкерлерге 1 миңге чейин үгүтчү кармоого уруксат берет

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өткөн парламенттик шайлоодо бир талапкердин 998 үгүтчүсү болгонун, бул эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди.
Анын айтымында, учурдагы мыйзам талапкерлерге 1 миңге чейин үгүтчү кармоого уруксат берет. Бирок көп үгүтчүсү бар талапкерлердин баары эле парламентке өткөн эмес. Ошол эле учурда бир гана үгүтчүсү менен ЖКга өткөн талапкер да болгон.
«998 үгүтчүсү бар талапкер ЖКга өткөн жок. 900дөн ашуун үгүтчүсү бар башка талапкерлер да болгон, алардын айрымдары парламентке өттү. Ошол эле учурда бир эле үгүтчүсү болгон талапкер дагы Жогорку Кеңешке өттү. Үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын колдойм. Себеби 1 миң үгүтчүгө ар бирине 20 миң сомдон төлөсө, 20 миллион сом болуп кетет. Мындай каражат бардык талапкерлерде жок», — деди ал.
Жыйында шайлоо өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды. Анда үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталууда. Тактап айтканда, ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашык эмес үгүтчүгө уруксат берүү каралган.
Демилгечилердин бири депутат Камила Талиева мындай өзгөртүү шайлоодогу каржылык теңсиздикти азайтууга багытталганын белгиледи.



