ЖКККББ: Жарандын видео-кайрылуусу боюнча жогорку ылдамдыктагы режимдин бузулушун фиксациялоо системасын пайдаланууга берилген сертификатынын мөөнөтү бүтүүсү жөнүндө түшүндүрмө

ЖКККББ: Жарандын видео-кайрылуусу боюнча жогорку ылдамдыктагы режимдин бузулушун фиксациялоо системасын пайдаланууга берилген сертификатынын мөөнөтү бүтүүсү жөнүндө түшүндүрмө
Жакында эле, социалдык тармактарда бир жарандын видео кайрылуусу тарай баштады, анда ал Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан берилген сертификатын көрсөтүп, жол эрежесин бузууларанын сүрөт-жаздыруу мыйзамсыз жөнгө салынып жатат деп билдирип жатат, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы, ылдамдыкты чектөө эрежелерин бузган фото-фиксация тутумдарынын бузууларын мыйзамсыз жазууга айыптоодо.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы түшүндүрмө жолу менен маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы No 614 «Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» тууралу токтомунун негизинде бекитилген жобосунун 56-пунктуна ылайык «Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнү таануу жөнүндө сертификат өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жөнүндө таанылган сертификаттын жарактуу мезгилинде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарынын эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эксплуатациялоо процессинде өлчөө каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилбеген шартта колдонулат».
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы №614-токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан ылдамдыктын бузулушун өлчөө каражаттарын мезгил-мезгили менен текшерүү жүргүзүп турат. Берилген текшерүү күбөлүгүнө ылайык, ылдамдыкты бузгандыгы үчүн бардык фото каттоо тутумдарынын иштөө мөөнөтү 2022-жылдын 23-августуна чейин жарактуу жана мыйзамдуу түрдө иштейт.
«Коопсуз шаар» долбоору бул мамлекеттик долбоор, негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда жарандардын коопсуздугун, жолдогу тартипти, маданияттуулукту жана жолдогу жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, адам өмүрүн алган учурларын жокко чыгаруунун таасирдүү инструменти болуп эсептелет.
Ушул долбоорду эске алуу менен, жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилиги, жолдогу тартип деңгээлин жогорулатууга, коомдук тартипти сактоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так аткарылышына өбөлгө түзөт жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган, ага коррупциянын курамдык бөлүгү жок экенин билдирет.
Ушул комплекстерди колдонуу менен катталган мыйзам бузууларды жасагандыгы үчүн алынган айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу автоматтык түрдө «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт, мыйзамдарга ылайык, айыптардан түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке түшөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы, автоматташтырылган «Коопсуз шаар» маалымат тутумунун колдонуучусу болуп саналат, негизги функциялары: транспорт каражаттарынын ээлерин жоопко тартуу жөнүндө бузуу токтомун иштеп чыгуу жана чыгаруу, басып чыгаруу, конвертациялоо жана даректерине жеткирүү, «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалымат тутумун ээси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети болуп саналат. коноктор
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 0312430376, 530389, 630900, кыска номери 100 жана 0703630900 (watsap), электрондук почта [email protected] ишеним байланышына күнү-түнү байланышта экендигин эскертет.
КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы



