Коом
Тамчыдагы эл аралык аэропорттун тосмосу кайрадан кулап калды

17-февралда болгон окуянын сүрөттөрүн Turmush басылмасы жарыялаган. Маалыматты “Манас” аэропорту тастыктады.
Ысык-Көлдүн бул аймагында ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын омкоруп кеткен.
Сүрөттө пескоблоктон тургузулган тосмонун 80-90 метрлик бөлүгү кулап калганын көрүүгө болот.
Аэропорттун тосмо дубалы буга чейин да кулап калган. Биринчи окуя былтыр мартта болгон эле. Анда бийлик катуу шамал бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалды уратканын айткан.



