Өлкөдө күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы аныкталууда

Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов билдирди.
Анын айтымында, иш 8-июнга чейин жыйынтыкталып бүтөт.
«Андан соң тиешелүү буйрук чыгып, аймактарга жөнөтүлөт. Жергиликтүү органдар күн сайын мониторинг жүргүзүп, бааны негизсиз көтөргөн май куюучу жайларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айып пул салынат», — деди Сатыгулов.
Учурда субсидиянын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, натыйжада импорттоочуларга тиешелүү акча төлөнөрү айтылды.
«Азырынча эсептелген баага компаниялардын кирешеси жана рентабелдүүлүгү кошула элек. Жакынкы күндөрү акыркы максималдуу баа бекитилип, расмий жарыяланат. Эгер Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа өзгөрсө, кайра эсептелип, баа жаңыртылып турат», — деди аткаминер.



