Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.
Таанышуунун жүрүшүндө минкаб төрагасына базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.
Белгиленгендей, базаны модернизациялоо жүктөрдү сактоо жана ташуу шарттарын жакшыртат, техникалык жабдыктарды өркүндөтөт, операциялык процесстерди оптималдаштырат, бул компаниянын ишине жалпысынан оң таасирин тийгизет.
Базаны модернизациялоонун алкагында жаңы күйүүчү май сактоочу резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин жогорулап, 1,2 га аянтка жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.



