Коом

Бишкекте шаардыктарга аялдамаларда да беткап кийип жүрүү эскертилет

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбус жана автобустарда беткап режимин сактоону эскерткен баннерлер илинди.

«Урматтуу шаардыктар, коомдук транспортто баратканда бардык коопсуздук эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колуңузду тез-тез жууп туруңуздар», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаада эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны өсүп жатат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button