Коом
Бишкек: коомдук транспортто жол кирени Visa картасы менен төлөө толук ишке кирди

Бишкектеги автобустар менен троллейбустарда жол акысын эми Visa картасы менен төлөөгө болот.
Шаар ичинде 100-110 автобус жана 120 троллейбус жүрөт. Ар биринде карта менен төлөөгө шарт түзүлгөн.
Жол кирени төлөө үчүн валидаторго банк картасын тиркеп коюу жетиштүү. Орнотулган терминалдар Кыргызстандагы бардык банктардын Visa картасын тааныйт. Буга чейин аталган функция сыноо тартибинде иштеп жаткан эле, эми толук ишке кирди.
Жол кирени «Тулпар» картасы менен да төлөөгө болот. Жол акысын накталай эмес ыкма менен төлөөнү (атайын картаны пайдалануу менен) камтыган бул долбоор былтыр башталган.



