Коом

Кыргыз драма театрынын белгилүү актрисасы коронавирустан каза тапты

Кыргыз драма театрынын белгилүү актрисасы Бухалича Жоробаева  59 жашында коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу кесиптештери маалымдашты.

“Дүйнөнү каптаган апаат илдет театрыбыздын актрисасы Бүкалича Жоробаеваны арабыздан алып кетти… Театрыбыздын жамааты эженин бир туугандарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, деп жазылат маалыматта.

Жоробаева Бухалича Чырмашовнанын өмүр баяны:

18.06.1962-ж. Ош обастынын Өзгөн районунун Домбулак айылында төрөлгөн.

1979-1981-ж.ж. КГАДТнын Театралдык студиясында окуган.

1981-1985-ж.ж. Алматы Мамлекеттик Театралдык Өнөр институтунда окуган.

1985-ж. бери КНАДТда артист болуп иштеп келген.

1988-ж. ЦК ЛКСМдын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1993-ж. «Нооруз 93» театралдык фестивалында «Жапалак Жатпасов»- Р.Шүкүрбековдун – Гүлайымды аткарып «Эң мыкты ролу үчүн» сыйлыгын алган.

1990-ж. Душанбе шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышкан: Ибраимовдун «Петрарканы окуганда» спектаклинде аялдын ролун аткарган.

1996-ж. Уфа шаарында өткөн эл аралык «Туганлык» фестивалына катышкан.

1998-ж. «Нооруз 98» фестивалына «Машырбек үйлөнөт» спектаклинде Шакинаны аткарган.

2002-ж. «Билим берүү жана маданият» министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

2007-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» медалы менен сыйланган.

2010-ж. Д.Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты

2016-ж. КР Ардак Грамотасы

Ролдору:

М.Байжиев «Алтынчы күнү кечинде» -Асель

М.Байжиев «Он экинчи күн» -Дездемона

Касенов «Жаш жубайлар» -Бану, Лаззат

Ж.Сыдыков «Сейтек» -Карачач

Ибраимов «Петраркада окуганда» -Аялы

Аксы кызы «Махабат жана өлүм» -Ашпозчу

Б.Жакиев «Жүрөлүчү жүрөк орутпай» -Небереси,

Келин

Дельмар «Эртеңкиге ордуңду бошот» -Роза

Т.Абдумомунов «Чолпонбай» -Почтоочу кыз

Исмаилов «Катындын шайтаны семирсе» -Жолоочу кыз

В.Шекспир «Гамлет» -Сахна ханышасы

Р.Шүкүрбеков «Жапалак Жатпасов» -Гүлүмкан

Ж.Кулманбетов «Жөн эле Майраш» -Майраш

М.Байжиев «Кожожаш»

Муж: челноктору» -Ирсалат

Б.Жакиев «Жолугушуу» -Ресторандын директору

С.Ахмад «Күйөө бала» -Лэйли

А.Паронян «Багдасар ака» -Соломэ

Ч.Айтматов «Чынгызхандын ак булуту»-Келин

Э.Ионеско «Макбет» -Дункан

Еврипид «Медея» -Коринф аялы

Телепостановкалар:

Б.Үсөнкулов «Күн бетинде көлөкө» -Асель

У.Жума «Чиркин өмүр» -Келин

Актриса Кыргызстанда тартылган бир нече тасмаларда мыкты ролдорду да жараткан.

Маркумдун үй бүлөсүнө жана жакындарына редакциянын атынан көңүл айтабыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button