Коом
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында дагы сел жүрүшү ыктымал
Кыргызстандын аймактарында сел жүрүү кооптуулугу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
«9-10-август күндөрү тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жумада өлкө аймактарында бир нече ирет сел жүрдү. Алсак, Аксыда катуу жааган жаандан улам көчөлөр дарыяга айланып калган.



