Коом
ТИМ ЖМКга тараган “кыргызстандык келин Екатеринбургдан депортацияланып, баласы ооруканада калды” деген маалыматты төгүндөдү
Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу Свердлов райондук ооруканасына барып, ымыркайдан кабар алган. Анын абалы туруктуу деп бааланууда, дарылоо февраль айынын аягына чейин уланат.
“Баланын энесин Россия Федерациясына киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынган, демек, келин Россия Федерациясынан депортацияланган деген маалымат чындыка дал келбейт”, — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Үй-бүлө кырдаал тууралуу маалыматты ЖМКларга таратпоону өтүнгөн. Маселени Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Башкы консулдугу көзөмөлгө алды.



