Коом
Шашылыш билдирүү! 7- 8-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал

7-июндан 8-июнга чейин күн ысышына жана нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Мындан улам ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жарандарды бул күндөрү селден улам коопсуздук эрежелерин так сактап, тоого, тоолуу аймактарга, кооптуу жерлерге барбай турууну эскертти.
Кокустан кырсык болсо, 112 номерине байланышууну айтышты. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу кызматтары арыктарды, сел өтүүчү каналдарды тазалап, жээктерин бекемдөө зарылдыгын белгиледи.



