Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрө ачылды

Бишкекте эки жаңы жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн техникалык ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы өтмөктөрдүн бири Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн базарынын аймагында, экинчиси 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан.
Объекттер лифттер жана жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана кыймылы чектелген башка адамдардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн зарыл болгон инфраструктура менен жабдылган.
Жибек Жолу проспектисиндеги өтмөктүн узундугу 27 метрди, ал эми 7-Апрель көчөсүндөгүсү 37 метрди түзөт.
Учурда объекттерде акыркы уюштуруу-техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү өтмөктөр пайдаланууга берилип, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жеткиликтүү болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаардагы жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



