Коом
ВИДЕО: Айдоочу кеч боло электе ойлон!

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ош облустук ИИБы боюнча ЖКККБ тарабынан атайын ролик иштелип чыгып тартылды.
Тасмада, балдардын жай баракат ойноп жатканы, велосипед тээп жүргөнү, эч нерседен кам санабай бир үй-бүлөө унаага отуруп жолго чыкканы, ошол эле учурда башка айдоочу мас абалда унаасына отуруп жолго чыгып алардын жолдон кагылышуусу тартылган. Жол кырсыгы болгондон кийин мас айдоочунун башын кармап эсине келиши чагылдырылган.
Тасма “Айдоочу кеч боло электе ойлон!”- деген чакырык менен аяктайт.
КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы



