Окуялар

Ат-Башыда жеңил унаа оодарылып кетип 4 адам жабыркады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Toyota Sequoia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Жерине Ат-Башы райондук №45 өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button