Өзбекстандан келген 47,8 тонна дарбыз артка кайтарылды

«Кең-Сай» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Өзбекстандан импорттолуп келген жалпы салмагы 47 тонна 780 килограмм болгон дарбыздын партиясы артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда дарбыз жүктөрүнүн эки партиясынан талап бузуулар аныкталган. Бир партияда фитосанитардык сертификат жок болсо, экинчи партиянын таңгагы (маркировкасы) белгиленген талаптарга жооп берген эмес. Ушундан улам жүктү өлкө аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти мамлекеттик чек араларда фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Ошондой эле мекеме Кыргызстандын фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчөтүлгөн тартипте улантып жатканын билдирди.



