Коом

Дүкөндөн чыккан бойдон дайынсыз. Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы изделет

Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 14-сентябрда дүкөндөн чыккан бойдон жүргөн жери белгисиз болууда. Бул туурасында Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 14-сентябрда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.

«Ал 1999-жылы туулган кызы Азиза «Башмачок» дүкөнүнөн 14-сентябрда саат 14:00 чамасында чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү ишетри башталды. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button