Коом

Чүй электр тармактар ишканасына жаңы техника берилди

Чүй электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Тармакты модернизациялоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды.

Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү — механизация жана автотранспорт кызматына берилди.

Курулуш-монтаждоо иштери жана көмөкчордондорду тейлөө кызматтары үчүн 3 заманбап ISUZU унаасы бөлүндү.

Белгиленгендей, автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатат. Эң башкысы — кышкысын же катуу шамалда жарык өчүп калса, авариялык-калыбына келтирүү иштерин бир топ тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button