Коом

Ысык-Көлдүн түбүнөн таштанды жана катамаран чыгарылды

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кезектеги тазалоо иштери Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын ар кандай тиричилик таштандылары чогултулуп, жээкке чыгарылды.

Таштандылардан тышкары чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал дагы жээкке сүрүлүп чыгарылды.

ӨКМ бардык жарандарды жана эс алуучуларды жаратылышка аяр мамиле жасап, Ысык-Көлдү булгабоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button