Режиссер Камат Касенов каза болду. Көз жумаарын эки жума мурда сезген экен (видео)

Кыргыздын таланттуу жигиттеринин бири, акыркы мезгилде Жамбыл областтык орус драма театрында көркөм жетекчи (башкы режиссер) болуп эмгектенип жаткан Камат Касенов кечээ, 43 жаш курагында күтүүсүздөн каза тапты.
Театрдагылардын айтымына караганда квартирасында душка түшүп жаткан мезгилде жүрөгү токтоп калган экен.
Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун (азыркы маданият жана искусство университети) режиссура бөлүмүн аяктаган. Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр, Кыргыз улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма, Ош улуттук С. Ибраимов атындагы драма, Алай музыкалуу-драма театрларында бир нече спектаклдерди ийгиликтүү койгон.
2015-2016-жылдары Ош улуттук С. Ибраимов атындагы драма театрында көркөм жетекчи болуп иштеген.
Бир нече кинофильмдерди да жараткан.
Интернетте Камат Касеновдун 2-июнда ырдап жаздырган видеосу тарады. Ал видеодо режиссер өзүнүн өлүмүн алдын ала сезгендей ырга кошуп ырдаган экен.
Abal.kg



