Бишкекте Монгол киносу жумалыгы өтөт

9–12-июнь күндөрү IV Бишкек эл аралык кинофестивалы алкагында «Монгол киносу жумалыгы» аттуу атайын сынактан тышкаркы программа өтөт. Тасмалар Ала-Тоо кинотеатрынын чоң залында көрсөтүлөт.
Программа көрүүчүлөргө заманбап монгол киносунун мыкты үлгүлөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Анда Монголиянын маданиятын, салттарын жана коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү чагылдырган тасмалар сунушталат.
Көрсөтүлө турган тасмалар:
Горизонт — режиссер Батдэлгэр Бямбасүрэн. Тасма баласыз жубайлардын тагдыры жана карманын мыйзамы тууралуу баяндайт.
Водитель из безмолвного города — режиссер Сэнгэдорж Жанчивдорж. Бул драмалык триллер мыкты режиссура жана мыкты эркек ролу үчүн сыйлыктарга ээ болгон.
Город ветров — режиссер Лхагвадулам Пүрэв-Очир. Жаш шамандын жашоосу жана сүйүү менен руханий дүйнөнүн ортосундагы тандоосу тууралуу драма.
«Город ветров» тасмасы 80-Венеция кинофестивалынын «Горизонттор» программасына катышып, Монголия тарабынан Оскар сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Иш-чара бардык кино сүйүүчүлөр үчүн ачык.



