Коом

“Империя пиццадан” ролл жеп уулангандардын алгачкылары ооруканага бир жума мурун кайрылышкан

“Империя пиццадан” ролл жеп уулангандардын алгачкылары мындан бир жума мурун ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Империя пиццанын” бардык 16 филиалы жабылып, аларга жагдайлар такталганга чейин жабылсын деген санитардык буйрук берилди.

“Бизге “Империя пиццанын” филиалдарынын биринен буйрутма аркылуу алган роллдон ууланган 3 адам тууралуу маалымат түшкөн. Алар үйүндө саат 21:00дө жешкен, 02:00гө жакын жабырлануучулар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылышкан. Экспертизанын жүрүп жатканына байланыштуу уулануунун себеби азырынча тактала элек”, — деди дарыгер.

Андан ары анын айтымында, бардык анализдер аталган тармактын продукциясынан да, кызматкерлерден да чогултулган.

“Бир жума мурда “Азия-Мол” соода борборундагы “Империя пицца” тармактарында уулануу катталган, 3-4 күн өткөндөн кийин ушул сыяктуу дагы учурлар катталды. Уулангандардын экөөсүндө жеңил форма болгон. Алар амбулатордук түрдө дарыланышкан”, — деди Кундуз Эсенгулова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button