Коом
Бишкекте маршруткалардын доору аяктап баратат

Жакында бул картадагы квадратта маршруткалар алынып, алардын ордуна ыңгайлуу автобустар линияга чыгарын вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.
Сүрөт:Спутник.кg

Анын айтымында, Бишкекке 1300 автобустун баары келери менен (2024-жылдын экинчи же үчүнчү кварталы) маршруткалар шаардын борбордук бөлүгүнөн чыгарылат. Кеп Курманжан датка — Түштүк магистралы — Садырбаев — Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк тууралуу болууда.
“Шаар 1300 автобуска муктаж. Алар келсе, маршруткалар ашыкча болуп калат да, шаардын четине чыгарылат”, — деди Сазыкулов.



