Саясат

Таласта лицейдин кызматкерлери 9 эсе ашыкча айлык алып жүргөн

Таластагы №13 кесиптик лицейде финансылык мүнөздөгү бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.

«Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7миң 553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан КЖКнин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button