Чек арадагы жаңжалда курман болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди

Жаңжалда шейит кеткен 26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулунун сөөгү кичи мекени Нарындын Эчки-Башы айылында жерге берилди. Ал 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун заставаларына бөлүнгөн.
2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн баатырдыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу эле. Ата-энеси да аскер кызматкерлери болгон.
Чек ара жаңжалында курман болгон 22 жаштагы Жеңишбек Иманбек уулу да Нарында туулуп-өскөн. Анын сөөгү кичи мекени Миң-Куш айылында жерге берилди. Облустук администрациядан билдиргендей, ал үй-бүлөдө беш бир тууган. Маркум аскерде 2019-жылы кызмат өтөп, келишимдик негизде иштеп жаткан.
Чек арага чептей туруп курман болгондордун бири Агадил Канатбековдун сөөгү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук, райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.
23 жаштагы прапорщик Агадил Канатбеков Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Ал 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген соң 2022-жылдын март айында УКМКнын Чек ара кызматынын Баткендеги 2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү эле.



