Коом
Баткенде беш күндөн бери жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн инженердик-сапердук бөлүктөрү Баткенде иш алып барууда.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.



