Коом

УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду — ФОТО

Бүгүн, 15-июнь күнү, УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Заманбап, кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык тийиштүү шарттары камтылган имараттын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ачылуу аземинде атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курам жана УКМК ардагерлери, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аксы районунун акими менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев да болду.

Камчыбек Ташиев имаратты көрүп чыгып, өздүк курамга тийиштүү тапшырмаларды белгилеп өттү:

» Аймакта эч андай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбеши керек. Мамлекеттин коопсуздугуна, элдин тынчтыгына кооптуулук жаратып жаткан бардык тармактарда жумушту күчөтүү зарыл. Сиздерге мамлекет тарабынан жумушчу шарттар түзүлүп жаткандан соң, талаптар мындан да күчөтүлөт…» — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын Аксы райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу кезинде курулган, эскилиги жетип, пайдалануу кооптуу болуп калган, жумуш үчүн шарты жок имаратта иштеп келген.

Алдыңкы күндөрү УКМКнын өлкөнүн дагы бир катар региондорундагы бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулуп бүтүп, пайдаланууга берилмекчи, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button