Коом

Бишкекте унаа токтотуучу жайлардан сегиз айда 400 миллион сом киреше түшкөн

Кечээ, 30-мартта, Бишкек шаарында «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын өткөрдү.

Ишкананын директору Бакай Асылбек уулунун маалыматына ылайык, 2025-жылы ишкананын бюджети 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

Анын айтымында, кызматкерлердин сутка бою иштөөсүнүн аркасында сегиз ай ичинде ишкананын бюджети 134 млн сомдон 400 млн сомго чейин көбөйүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Быйыл болсо бюджетти 500 млн сомго жеткирүү максаты коюлган.

Ошондой эле ишкананын жетекчиси учурда Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайларда QR-код системасы орнотулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жакын арада борбор толугу менен автоматташтырылган системага өтөт.

Ал белгилегендей, QR-код системасы аркылуу түшкөн каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button