Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Москвада «Ковер» планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Авиатрафик» авиакомпаниясынын Бишкек — Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы запастагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.
Ал эми Aeroflot авиакомпаниясы Москва — Бишкек — Москва багыты боюнча SU1886/1887 каттамдарын жокко чыгарды.
Ural Airlines авиакомпаниясынын U62803/2804 каттамы кечигүүдө. Учактын Москвага болжолдуу келүү убактысы — саат 18:10, ал эми кайра учуп чыгышы — Москва убактысы боюнча саат 19:20 деп күтүлүүдө.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы каттамдар боюнча маалыматтар жаңы маалыматтар түшкөн сайын жаңыланып турарын белгиледи.



