Дүйнө

Москва облусундагы дрон чабуулунан 17 адам жабыркады

Москва облусунда учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) чабуулунан 17 адам жабыркады. Алардын арасында эки бала бар. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.

Раменское шаарында 10 жаштагы кызды кошкондо үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Солнечногорск шаарында 46 жаштагы эркек киши жаракат алып, ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Люберцы шаарында эки эркек киши жабыркап, алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Дзержинский шаарында бир эркек киши жаракат алган. Дагы бир адам Москвадагы Садовод соода борборунда жабыркап, экөө тең Люберцыдагы ооруканага жаткырылган.

Котельники шаарында дрондордун чабуулунан сегиз адам, анын ичинде үч жаштагы бала жаракат алган. Алардын бешөө Люберцыдагы ооруканага, дагы бири Жуковский шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бир жабырлануучу ооруканага жатуудан баш тарткан.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн түнү абадан коргонуу күчтөрү жалпысынан 555 украиналык дронду атып түшүргөн. Алардын болжол менен 180и Москва багытында жок кылынган.

Маалыматтарга караганда, бул акыркы эки жылдагы Москвага жасалган эң ири дрондук чабуул болуп эсептелет.

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин бир нече дрон Московский нефтеперерабатывающий завод объектисине жеткенин билдирген. Ошондой эле дрондордун сыныктары «Садовод» соода борборунун аймагына кулап, имараттардын бирине зыян келтирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button