Спорт
Денис Петрашов АКШдагы эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык TYR Pro Series сүзүү турниринде алтын медаль жеңип алды.
Ал 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө катышкан 46 спортчунун ичинен эң мыкты жыйынтык көрсөттү.
Тандоо этабындагы сүзүүдө Денис Петрашов 2 мүнөт 13,67 секунд убакыт көрсөтүп, финалга жолдомо алган.
Чечүүчү финалда ал 2 мүнөт 9,16 секунд натыйжа менен ишенимдүү түрдө биринчи болуп келип, алтын медалга ээ болду.



