Коом

Жалал-Абадда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сетификаттар тапшыруу аземи өттү

Жалал-Абад жана Сузак райондорундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизиндеги «Үй-бүлөгө көмөк» долбоорунун алкагында 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.

Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысы долбоордун катышуучуларын куттуктап, бул демилге мамлекет тарабынан жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу, айыл чарбасын же ишкерликти өнүктүрүү максатын көздөрүн айтты.

Мындан сырткары, эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөкпул алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button