КоомОкуялар

Кантта парктын жерин каалагандай иштеткен мамкызматкерлерге иш козголду

Кант шаарындагы Эмен паркынын жерлери жеке менчикке жана ижарага берилип кеткени аныкталып, мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. 

Прокуратура кызматкерлери мамлекеттик органдардын адистери менен Канттагы Эмен токой-паркында текшерүү жүргүзгөн.

«Аталган парктын жери Токой фондуна караштуу жана мамлекеттин менчигиндеги жерлер болуп эсептелет. Кант шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү парктын жерлерин башкарбаса дагы жеке менчикке жана ижарага берип, андагы бак-дарак мыйзамсыз кыйылып, менчик окуу жай, соода түйүн жана спорт аянтчалары салынып, парк мыйзамсыз пайдаланылып келген», — деп жазылат маалыматта.

Мындай мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 26 миллион 726 миң 536 сом ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине («Коррупция») ылайык иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул жердеги менчикке жана ижарага берилген объектилер менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу жана аларды алгачкы калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button