Коом

Жогорку Кеңеш чек арага чектеш айылдардын тургундарына курал берүү боюнча мыйзам долбоорду кабыл алды

Парламент Баткен, Алай жана Чоң-Алай аймактарынын чек арага чектеш айылдарынын айрым жашоочуларына курал берүү боюнча мыйзам долбоорду кабыл алды.

Негизги учурлар:  

▫️чек арада жашаган жарандарды Чек ара коргоочулары деп атоо; 

▫️коркунуч туулган маалда куралды Чек ара коргоочулары жана аңчылар ала алат;  

▫️мекенди коргойм деген 18 жаштагы жана андан жогору курактагы жарандарды ыктыярдуу түрдө мобилизациялоо каралууда;  

▫️президент аскердик абал киргизбестен жарым-жартылай мобилизация жарыялашы мүмкүн;  

▫️азыр сайлуу куралды сайсыз куралды көтөрүп жүрүүдө беш жылдык тажрыйбасы барлар сатып ала алат. Бул чектөө чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үчүн алынып салат;  

▫️курал алуунун тартибин ИИМ аныктайт.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button