Коом
Whatsapp тиркемеси иштебей калды

Соцтамак колдонуучулары Кыргызстандагы дагы Whatsapp аркылуу билдирүү жөнөтүлбөй, сүрөт, видео жүктөп, текст жазганда маселе чыгып жатканын айтышууда.
Колдонуучулар билдирүүлөрдү жөнөтүүдөгү көйгөйлөргө даттанып жатышат. Мисалы, кат кеткендеги эки белги көрүнбөй жана кат алган киши билдирүүнү окуганда белги көк түскө айланбай жатат. Көйгөйлөр мобилдик тиркемеде да, веб версиясында да байкалат. Кызматка түздөн-түз кошулууда да көйгөйлөр болуп жатат.



