Коом

Лейлекте “Антирэкет” иш-чаранын жыйынтыгында 2 ата-энеге айып пулдар салынды.

Лейлек районунун аймагында 2022-жылдын 24-26-октябрь күндөрү “Антирэкет” иш-чарасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу каралды. Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде жыйналыштарды өткөрүп, ата-энелерге үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал эми мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук, мектеп рэкетин болтурбоо, тыюу салынган нерселерден алыс болууга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 74-беренесинин негизинде түнү өз алдынча максатсыз көчөдө жүргөн балдар аныкталып, 2 ата-энеге айып пулдар салынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button