Коом
Бишкектин айрым райондору аба ырайына байланыштуу жарыксыз калды
Кыргызстандын улуттук электр тармагы борбор калаанын айрым райондорунда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.
Компаниянын маалыматына ылайык, аба ырайына байланыштуу авариялык өчүрүүлөр болду. Бригада электр энергияны калыбына келтирүү иштерин аткарууда.
Белгилей кетсек, Бишкектин бир бөлүгү дагы эле жарыксыз турат.



