Коом
Эртең Токтогул ГЭСинде ремонттон өткөн 2-агрегат ишке киргизилип жаткандыктан республика боюнча 1 саатка электр энергиясы өчүрүлөт

«Электр станциялары» ишканасы билдиргендей, агрегат 15-ноябра иштей баштамак, бирок анын убактысын эртелетип, 11-ноябрдан баштоого туура келди.
«Жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо учурунда электр энергиясы бир сааттан ашпаган убакытка өчүрүлөт«, — деп айтылат билдирүүдө.
@user2



