Коом
Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жол инспекторлору айдоочуларга унаасына кышкы дөнгөлөк салууну эскертет

Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, жол инспекторлору “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама каршы тилкеге жыкпай айдоону эскертет.
Бишкек-Ош унаа жолунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы кызмат өтүүдө.



