Коом

Ленин районундагы отканалардын абалын аким тарабынан текшерилди

Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондогу отканалардын абалын текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, район башчысы отун-энергетикалык комплексинин үзгүлтүксүз иштешин жана күз-кыш мезгилинен сапаттуу өтүүнү камсыз кылуу максатында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын алдындагы райондук отказандардын жана №74 гимназия-мектебиндеги откананын абалын текшерди.

Белгилей кетсек, Ленин районунун аймагында «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын 26 отканасы жайгашкан, алар 232 көп кабаттуу турак үйдү, 13 жатакананы, 42 барак үйдү, 115 жеке үйдү, 17 мектепти жана 7 бала бакчаны жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Азыркы учурда «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын отканалары штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу керектүү көлөмдө берилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button