Коом
Россиялык компания Кыргызстанда колдун протезин чыгарат

Келишим россиялык «Моторика» компаниясы, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду жана Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ортосунда түзүлдү. Долбоорго 1,5 млн. долларга чейин инвестиция салынат.
Маалыматка караганда, КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында протез органдарга суроо-талап күч.
Мисалы, Кыргызстанда ушул тапта жасалма колго 311 адам муктаж. Жыл аягына чейин 26 баланы протез менен камсыздоо макулдашылды.



