Пайдалуу кеңештер

Диетолог тамактануу убактысы адамдын абалына тийгизген таасирин айтты

Дарыгер-диетолог Светлана Жернова тамактануу убактысы адамдын абалына жана өзүн сезүүсүнө таасир этерин айтты. Ал эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты кайсы убакта ичкен жакшы экенин түшүндүрдү.

Жернованын айтымында, эртең мененки тамакты ойгонгондон кийинки биринчи саатта ичкен эң туура. Бирок маанилүүсү так убакыт эмес, тамактануунун үзгүлтүксүз жана туруктуу болушу. Мындай учурда организм тамак сиңирүүгө алдын ала даярданып үлгүрөт.

Ал эми башаламан тамактануу, бат-баттан жеңил тамак жеп туруу жана эртең мененки тамакты өткөрүп жиберүү кандагы канттын деңгээлинин өзгөрүшүнө, кыжырданууга жана кечинде ашыкча тамак жөөгө алып келиши мүмкүн.

«Эгер биринчи тамакты өтө кечиктирсе, ачкачылык гормондорунун деңгээли жогорулап, кечинде адамга табитин көзөмөлдөө кыйындайт», — деди дарыгер.

Адистин айтымында, тамактануунун бардык адамдарга бирдей ылайыктуу убактысы жок, анткени көп нерсе уйку режими менен адамдын биологиялык ритмине байланыштуу. Ошондой эле түшкү тамак көбүнчө негизги тамак болуп саналарын, ал эми кечки тамакты уктаардан бир нече саат мурун ичкен жакшы экенин белгиледи. Бул уйкунун сапатын бузбоого жана тамак сиңирүү системасына ашыкча күч келтирбөөгө жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button