Дүйнө
Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстанга келди. Анын учагы Астана аэропортуна конгонун РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик сапар үч күнгө созулат. Программанын алкагында Путиндин Касым-Жомарт Токаев менен бейформал түшкү тамагы, Россия менен Казакстандын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү жана башка бир катар иш-чаралар пландалган.
Мындан тышкары, Россия президенти Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы иш-чараларга катышат. Биримдиктин лидерлери Армениянын Европа Биримдигине кошулуу планы сыяктуу маселелерди да талкуулашат.



