Курултайга катышкан кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Эмгек министрлигинин иши менен таанышты

Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Германия Федеративдик Республикасы, Италия жана Америка Кошмо Штаттары сыяктуу өлкөлөрдүн кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнөн турган Курултайдын катышуучулары Эмгек, социалдык коргоо жана социалдык коргоо министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жыйындын жүрүшүндө Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева министрликтин миграция тармагындагы ишмердүүлүгүнө токтолду.
«Эмгек министрлиги дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеген эмгек мигранттарын колдоого багытталган максаттуу жана системалуу иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Москва шаарында биздин өкүлчүлүк ачылып, Россиянын бардык аймагындагы мигранттарыбызга жардам көрсөтүүдө. Министр Кудайберген Базарбаев Москвага иш сапары менен барып, Россиянын ички иштер министри, кесиптеши Россиянын эмгек министри жана башка жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушуп, мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулады», — деди Жаңыл Алыбаева.
Ошондой эле, министрликтин кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына министрликтин миграция тармагындагы ишмердүүлүгү боюнча презентация уюштурушту. Диаспоралардын өкүлдөрү министрликтин жетекчилигинен иштөөгө уруксат алуу, өлкөдө жүрүү жана эмгек миграциясына байланышкан башка көйгөйлөр боюнча актуалдуу маселелер боюнча жооп алышты.




