КоомОкуялар

Баткен шаарында “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы жөө жүрүш өттү

Баткен шаарында  2022-жылдын 6-декабрь күнү милиция кызматкерлеринин демилгеси менен шаар жаштарынын жөө жүрүшү уюштурулду. Жөө жүрүш “Зомбулуксуз жашоо” аталышында болуп, ага 200дөн ашык  мектеп окуучулары, студенттер катышты.

      Милиция кызматкерлери бул жөө жүрүштү жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурду.

     Иш-чарага активдүү катышкан жаштар түрдүү темаларда лозунгтарды көтөрүп, Баткен шаарын Жибек жолу көчөсүнөн Т.Садыков көчөсүнө дейре жөө жүрүш жасашты.

     2022-жылдын 11 ай ичинде балдар тарабынан же балдарга карата зордук-зомбулук фактылары катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button